Элдик дарыгер Хашим Зайналиевдин ишмердигин сот мыйзамсыз деп тапты

19 февраля 2019 17:39 1613 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектин Октябрь райондук соту элдик дарыгер атыккан Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп тапкан чечим чыгарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.

Маалыматка ылайык прокуратура Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп табуу, анын өз алдынча медициналык иштерди жана уруксат берилбеген дары каражаттарын практикалоого тыюу салуу боюнча сотко өтүнүч келтирген болчу.

Сот бул өтүнүчтү канааттандырганын Башпрокуратура бүгүн кабарлады. Эми соттун бул чечими мыйзамдуу түрдө күчүнө киргенден кийин Хашим Зайналиевдин өз алдынча жүргүзгөн ишмердүүлүгү токтотулат.

Ссылка: https://barometr.kg/eldik-daryger-hashim-zajnalievdin-ishmerdigin-sot-myjzamsyz-dep-tapty



Добавить комментарий