Кыргызстандын Элчиси Токиодо кыргыз студенттери менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев «Кадрларды даярдоо үчүн стипендия берүү» (JDS) долбоору боюнча Япониянын Токио шаарынын университеттерине магистердик программа боюнча окууганга келген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери менен жолукту.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер өз билимин, кесипкөйлүгүн жана Япониянын жогорку окуу жайларынан билим алууга татыктуу экенин далилдөө үчүн оор тандоо сынагынан өтүшкөнүн Элчи М. Арстанбаев белгилеп кетти.
JDS долбоору стипендиаттын деңгээлин индивидуалдуу түрдө көтөрүүгө гана багытталбастан, мамлекеттик башкаруу органдарынын институционалдык дараметин көтөрүүгө өзгөчө маани берет. JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик башкаруу системасында алдыңкы позицияларды ишке ашырууга жана Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө салым кошууга дарамети жетээри практикада көрсөтүлдү.
Жолугушуунун аягында, Элчи M.Арстанбаев алдыдагы окуу учурунда бардык студенттерге ийгилик каалады.
Ссылка: https://barometr.kg/elchi-marstanbaev-aldydagy-okuu-uchurunda-bardyk-studentterge-ijgilik-kaalady
Добавить комментарий ×