Элчи Эдил Байсалов өкмөткө коронавирус алып келген кризистен чыгуунун жолун сунуштады

30 апреля 2020 18:03 2251 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Улуу Британиядагы толук ыйгарым укуктуу Элчиси Эдил Байсаловдун экономиканы көтөрүү сунуштары боюнча макаласын кактус медиа порталы  жарыялады.

Экономиканы көтөрүү боюнча узак мөөнөттүү жаңы стратегияны талкуулоо жүрүшүндө Кыргызстандын Улуу Британиядагы толук ыйгарым укуктуу Элчиси Эдил Байсалов экономикалык кризистен чыгуу боюнча өзүнүн сунуштары менен бөлүштү.

Анын айтымында дүйнөлүк базарда нефтинин кунунун түшүшү, андан улам мигранттар которгон акчанын кыскарышы, алдыда Кумтөрдүн жабылышынан улуттук экономиканы глобалдык пандемия болбогон учурда да оор мезгилдер күтүп турган. Андыктан түбү жок идеологиялык талаштардан, экономиканы өстүрүү боюнча эскирген рецептерден баш тартуу керек деп эсептейт.

"Эгер биз мурда кездешпеген кыйынчылыктарга туш келсек, андан чыгуунун жолу да жаңы жана креативдүү болушу шарт. Глобалдык экономика калкып турган чакта - жарактан чыккан китептерди барактап, 1970-жылдардагы эскирген индустриялдык экономиканын нормаларына негизделген дискуссияга түшчү убакыт эмес",- деп Байсалов эсептейт.

Эдил Байсалов калкты жумуш менен камсыз кылган массалык программаларды коё берүүнү сунуш кылат. Акы төлөнүүчү коомдук жумушка күнүнө 3-5 миллион адам тартылып, алар каналдарды казуу-тазалоо, жер тазалоо, мектеп-оорукана ремонттоо, айыл-чарба курулуштары, кабел тартуу, туристтик маршруттарды ыңгайлаштыруу менен жай мезгилинде алектениши керек деп эсептейт. Ошондой эле, мамлекет бизнеске жаңы кредит берүүдөн тышкары салык каникулун киргизүү, каникул учурундагы төлөмдү кийинкиге жылдырбастан толук кечүү, кредиттерди реструктуризация кылуу боюнча активдүү аракет көрүүнү сунуш кылат. Эдил Байсалов атамекендик бизнеске кредит берүүнүн моделин карап чыгып, мамлекет экономиканын приоритеттүү тармактарына, конкреттүү проекттерге кредит берүү ишин өз колуна алыш керек деп эсептейт.

Мамлекеттик программаны ишке ашырууда приоритеттүү максат катары адамдын өнүгүү индикаторун алууну сунуш кылат. 

ИДПнын негизги бөлүгү четтеги мигранттар которгон акчадан жана 4/1 бөлүгү биз ээлик кылган Кумтөрдүн алтынынан көз каранды болуп турган шартта - бул көрсөткүч менен элдик байлыкты ченөөгө болобу?! Эртең көпчүлүк карапайым эл итке минген абалда турса да ИДП бир байдын эсебинен өсүүсү мүмкүн жана бийлик аны ийгилик катары көрсөтөт. Бизге андайдын кереги жок! 

Лондондогу кыргыз элчиси саясатчыларга мамлекетти башкаруунун модели тууралуу баш-аягы жок талаш-тартыштарды токтотуп, эне-баланын өлүмүн азайтуу, мектептеги билим берүүнүн сапатын жогорулатуу сыяктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун шайлоочуларга сунуштоого чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/elchi-edil-bajsalov-kmt-koronavirustan-ulam-pajda-bolgon-krizisten-chyguunun-zholun-sunushtady



Добавить комментарий