Элчи Арстанбаев: Япония футболчулары Кыргызстандан башка баарын жеңишин каалайм
Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын Футбол ассоциациясынын президенти Козо Ташима менен жолугушуту.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти кабарлады.
Жолугушууда Кыргызстан жана Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү спорттун ролу маанилүү экени айтылды.
Тараптар футбол боюнча 2022-жылы өтүүчү Дүйнөлүк Чемпионатка тандоо турунда 14-ноябрында Бишкек шаарында жана 2020-жылы 9-июнда Японияда өт- турган беттештер тууралуу пикир алмашышты.
Элчи эки өлкө ортосундагы таймаштардын алкагында кошумча иш-чараларды уюштурууну сунуштады.
Жолугушуунун аягында элчи, достук маанайда Япония командасына тандоо турунда Кыргызстан улуттук курамасынан башка бардык беттерде жеңиштерди каалады.
Эске сала кетсек, Кыргызстан, Япония, Тажикстан, Монголия жана Мьянма курамалары футбол боюнча 2022-Дүйнө жана 2023-Азия Кубогу мелдештерине тандоо турунда “F” тайпада күч сынашат.
Үчүнчү турдан соң Япония тизмеде көч баштап, алдыга чыкты, Кыргызстан улуттук курамасы үчүнчү сапта.
Добавить комментарий ×