Эл ѳкүлүнүн орой мамилилеси социалдык тармакта талкууланууда

5 ноября 2019 17:26 7754 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Депутат Азиз Турсунбаев Kloop.kg басылмасынын журналисти суроо берсе, «Барчы ары» деп орой жооп берди. Анын бул жообу социалдык тармакта нааразычылыктарды жаратты.

Журналист Айзирек Иманалиева депутаттан «Ататүрк» эс алуу жайындагы жер аянты тууралуу суроо мындай суроо берген:  «Сиз жерди мыйзамсыз алгансыз да, бул тууралуу эмне деп айтасыз?».

Депутат журналисттин суроосуна «барчы ары» деп жооп берген.

Эске салсак, 25-октябрда Kloop.kg маалымат каражаты «Ататүрк» паркындагы жер аянттары кантип бөлүнгөнү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Бул материал катуу талкууга алынган.

Ал эми  Мелис Аспеков жарандык активист социалдык баракчасына флэшмоб жарыялады. Ал депутатты журналисттен кечирим сурашын талап кылып, эгер талаптар аткарылбаса эртең саат 10:00 Ак үйдүн алдына митингге чыга тургандыктарын кабарлаган. журналист

Ссылка: https://barometr.kg/el-klnn-oroj-mamililesi-socialdyk-tarmakta-talkuulanuuda



Добавить комментарий