Эл ѳкүлдѳрү, бизнес ѳкүлдѳрү менен футбол талаасында таймашты
Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков кичи футбол жана үстөл тенниси боюнча турнирлерге катышты. Бул тууралуу маалыматты басма сѳз кызматы кабарлады.
Турнир Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңеш тарабынан уюштурулган. Ал парламент менен бизнес ассоциацияларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында өткөрүлгѳн.
Кичи футбол боюнча таймашта Жогорку Кеңештин, парламент Төрагасынын алдындагы бизнести жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча Кеңештин, бизнес ассоциацияларынын командалары күч сынашты.
ЖКнын командасында Төрага Дастанбек Жумабеков,Абдывахап Нурбаев, Бактыбек Сыдыков, Ильхом Маннанов, Фархат Тулендыбаев, Айбек Алтынбеков, Умбеталы Кыдыралиев оюн көрсөттү.
Ал эми Бизнес Кеңешинин курама командасына ишкердик чөйрөсүнүн өкүлдөрү, андан тышкары Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт кирген.
Ссылка: https://barometr.kg/el-kldr-biznes-kldr-menen-futbol-talaasynda-tajmashty
Добавить комментарий ×