Карамушкина суракта жактоочусу жок жүрѳт

4 сентября 2019 17:25 3028 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Эл ѳкүлү Ирина Карамушкинаны кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында, учурда депутат ИИМдин тергөө абагында турат.

«Аны барымтага алуу тууралуу иш боюнча чакырышкан. Ирина Карамушкинанын жактоочусу аны коргоодон баш тартты. Депутат суракта жактоочусу жок өзү жалгыз жүрөт», -деди Кундуз Жолдубаева.

Эмне себептен жактоочу баш тартканын белгисиз. Азыр башка жактоочуну издеп жатканын баса белгиледи ал.

Эске салсак, депутат 7-августта Алмазбек Атамбаевдин үйүндө кишилерди барымтага алганга катыштыгы бар делип шектелүүдө. Соттун чечими менен ал үй камагына чыгарылган.

Эске салсак, УКМКнын атайын кызматы 7-августта Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн басып алууга аракет кылган. Бирок, операция ийгиликсиз болгон. Башаламандык маалында 45 киши жаракат алган. «Альфанын» кызматкери октон каза тапкан.

8-августта атайын операцияны ИИМдин атайын бөлүмчөсү колго алган, жыйынтыгында мурунку президент багынып берди. Ал УКМКнын тергөө абагына 26-октябрга чейин камакка алынды. Алмазбек Атамбаевге укук коргоо органдарына карата зомбулук көрсөтүү, адам өлтүрүү, барымтага алуу, массалык башаламандык уюштуруу, жемкорлук айыбы тагылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/el-kl-surakta-zhaktoochusu-zhok-zhrt



Добавить комментарий