Эл ѳкүлү: «Мас абалдагы айдоочуга 60 миң сомдон жогору айып пул салуу керек»

13 сентября 2019 13:30 2876 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

13- сентябрда Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу мас абалында автоунаа айдагандарга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып пул салууну сунуш кылды. Бул туурасында депутат фракциянын жыйынында айтты.

 «Спирт ичимдигин ичип алып машине айдагандарга 17 миң сом айып салынат. Мас болуп машине айдап жүргөндөр «МАИге» кармалса ачуусу келгендер чөнтөгүнөн 17 миң сомду алып чыгып «ме, төлөп ал» дегендерди көрүп атабыз. Ошон үчүн аларга айып пулду 50-100 миң сомго чейин көтөрүш керек», - деди ал.

Алтынбек Жунус уулу ошол эле кезде коопсуздукка анча коркунуч келтирбеген жол эрежесин бузгандарга карата айыпты азайтып, анын көлөмүн 500 сомго чейин түшүрүү керек экенин баса белгиледи.

2019-жылдын 1-январынан тартып Административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөр ылайык, жол эрежесин бузган айдоочуларга салына турган айып пулдун өлчөмү көбөйгөн. Бул эрежелердин негизинде мас абалында машине айдагандарга 17 500 сом айып пул салынат.

Ссылка: https://barometr.kg/el-kl-mas-abaldagy-ajdoochuga-60-mi-somdon-zhogoru-ajyp-pul-saluu-kerek



Добавить комментарий