Камчыбек Жолдошбаев: Курсан Сатарович МАИ кубалап келе жаткандай шашып сүйлөйт экенсиз, түшүнбөй калдык берген маалыматыңызга"
Депутат Камчыбек Жолдошбаев Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун сүйлөгөн сөзүнө сын айтты. Депутат бул тууралуу Парламенттин бүгүнкү 7-февралдагы жалпы жыйынында Жаңы Кодекс боюнча талкуу жүрүп жатканда айтты.
Депутат: "Курсан Сатарович маалымат берип жатканда шашпай, жай сүйлөп айтып берсеңиз. Артыңыздан "МАИ" кубалап келе жаткандай шашып сүйлөйт экенсиз, эмне деп айтканынызды түшүнбөй калдым"-деди.
Ага удаа эле жаңы айып пулдардан улам элдер көчөлөргө түкүрбөй, айлана-чөйрө тазараак болуп калганын айтып, бул боюнча ички иштер министрлигин мактап өттү.
"Ушул боюнча артка кайтпай, мыйзамды жакшылап иштетиш керек. Бул чынын айтканда реформа. Кемчиликтер кетет. Алардын үстундө иштеш керек"-деп кошумчалады эл өкүлү.
Эске салсак, бүгүн 7-февралда парламентте "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жатат.
Добавить комментарий ×