Депутат Евгения Строкова билим берүү жана илим министрин кызматтан кетирүү петициясына кол коюга чакырууда
Эл ѳкүлү Евгения Строкова билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын кызматтан кетириш үчүн түзүлгөн петицияга кол топтоого чакырууда. Ал мындай кадамын министрдин ишине нааразылыгы менен түшүндүрдү. Строкова билим берүү министрлиги кетирген каталарын санап берди.
«Окуу китептериндеги каталар, аттестардын ката чыгарылышы, мектепке электрондук катоодогу каталары. Анын ѳзгѳчѳлүгү эч качан ѳзүн күнѳѳлү эсептебейт, дайыма башкалар күнѳѳлү болуп чыгат»,-деди Евгения Строкова.
Бизге мындай министрдин кереги жок деп баса белгиледи ал.
Интернетте билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кызматтан кетирүүнү талап кылып, онлайн кол топтоп жатышат. Петиция сhange.org платформасында жүргүзүлүүдө. Петицияга кол койгондордун саны 500дөн ашты.
Бул дооматтар боюнча билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын өзүнө байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек.
Добавить комментарий ×