Эл аралык валюта фонду Афганистанга көмөк берүүнү токтотту

19 августа 2021 12:47 1493 Barometr
Поделиться в:
ok

Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) Афганистанга бере турган көмөгүн токтотту. Мунун себебин уюм Афганистандагы жаңы өкмөттүн эл аралык коомчулуктагы статусу аныктала электиги менен  байланыштырды. Бул тууралуу аталган уюмга шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

Уюм берген маалыматка караганда Афганистан ЭВФтин ресурстарынан колдоно албайт.

Кийинки аптада аталган уюм Афганистанга 400 млн. доллар котормок.

Азыркы учурда дүйнөлүк коомчулук "Талибанды" Афганистандагы мыйзамдуу жетекчилик катары тааныбай жатканы маалыматта айтылды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-valyuta-fondu-afganistanga-kmk-bern-toktottu



Добавить комментарий