Эл аралык терроризм, экстремизмди алдын алуу боюнча конференция болууда. Кашкар Жунушалиев Түркияда жүрөт

21 февраля 2019 09:41 1162 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ички иштер министри  Кашкар Жунушалиев 2019-жылдын 19-21-февралында Турциянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Будапешт Процессинин Алтынчы министрлер конференциясында катышууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган иш-чарага Европанын, Азиянын жана Африканын  49 мамлекетинин министрликтеринин башчылары менен өкүлдөрү жана ошондой эле бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. 

Будапешт процесси-миграцияны ирээтке  келтирүү үчүн копмлекстүү жана туруктуу тутумду өнүктүрүүгө багытталган элүүдөй өкмөттүн жана ондогон эл аралык уюмдардан турган кеңеш берүүчү форуму болуп саналат. Ал миграция, качкындар, визалар, адамдарды сатуу, миграциялык аткезчилик жана кайрадан качкындарды кабыл алуу маселелери боюнча мыкты иш-аракеттер менен тажрыйбаларды үлгү катары жайылтуу үчүн түзүлгөн.

Бул пикир алмашуунун натыйжасында, көзөмөлсүз миграция менен күрөшүүдө жакшы башкаруунун жалпы түшүнүгү, миграциянын жана саясаттын түшүнүгүн камтыган ыкмалар өнүгүүдө.

Турция Республикасынын Президенти Реджеп Тайип Ердаган конференциянын ачылышына сөз сүйлөп миграциялык процесстерди жөнгө салууда чечкиндүү чараларды кабыл алуу керектигин белгилеп,  мыйзамсыз миграция менен эл аралык терроризмдин ортосундагы тыгыз байланыш болуп жаткандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Турция Республикасынын ички иштер министри Сулейман Сойлу Будапешт Процессинин  Алтынчы министрлер конференциясында Европанын миграциялык саясатын жакшыртууга убакыт келгендигин баса белгиледи. Туркиянын ички иштер министри өз кезегинде бүгүнкү күнү мыйзамсыз миграция көйгөйү өзүнө эл аралык терроризм, экстремизм, адамдарды сатуу, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу  улуттар аралык кылмыштуулукту өзүнө камтып жаткандыгын билдирди. Террористтик уюмдар өздөрүнүн жан-жөөкөрлөрүн мигрант катары башка өлкөгө киргизип, өздөрүнүн кылмыштуу ойлорун ишке ашырууга аракеттерди көрүүдө, биз анын алдын алууга тийишпиз деди, ал өз сөзүндө.

Иш-чаранын жүрүшүндө дүйнөнүң ар тарабынан келген катышуучулар тарабынан эл аралык коопсуздукту камсыздоодо  миграциялык процессти жөнгө салуу маселелерине дүйнөлүк деңгээлде көңүл буруу керектигин баса белгилешти.

Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-terrorizm-ekstremizmderdi-aldyn-aluu-boyuncha-konferenciya-boluuda-kashkar-zhunushaliev-trkiyada-zhrt



Добавить комментарий