Эл аралык мелдеште “Северэлектро” ААКнын командасы экинчи орунду ээледи
20-сентябрдан тарта Казакстан Республикасынын Кызылорда шаарындагы «Кызылорда бөлүштүрүү» компаниясынын полигонунда КМШ өлкөлөрүнүн энергетика тармагындагы 10/0,4 кВ бөлүштүрүү жана кызмат көрсөтүү тармагынын кесипкөй бригадаларынын катышуусунда өтүп жаткан XVI эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Мелдешке Казахстан, Өзбекстан, Таджикистан, Беларусь, Азербайжан, Грузия, Россия Федерациясы жана Кыргызстанболуп 8 өлкө катышкан.Бул мелдеште Кыргызстандын намысын КРнын 2019-жылдагы бөлүштүрүү компанияларынын ичинен оперативдик-оңдоо кызматынын мыкты бригадасы болгон «Северэлектро» ААКнын адистери коргошту.
Бардык командалар 7 этаптан турган тапшырмаларды аткарышты. 6 практикалык тапшырма жана азыркы нормативдик-техникалык документацияны “АСОП” программалык комплексин колдонуу менен 1 теоретикалык экзамен.
Мелдештин жыйынтыгында Кыргызстандын атынан барган “Северэлектро” ААКнын командасы байгелүү экинчи орунду ээлесе, команданын устаты (мастер) Саматбекуулу Стамбек“мыкты мастер” наамына татыды. 1-орунду Россия Федерациясынын командасы алса, бизден кийинки орун Тажикстан Республикасына буйруду.
Эске сала кетсек, мындай мелдеш КМШ өлкөлөрүнүн энергетиктеринин ортосундагы байланышты бекемдеп туруу үчүн эки жылда бир ирет өтүп турат.
Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-meldeshte-severelektro-aaknyn-komandasy-ekinchi-orundu-eeledi
Добавить комментарий ×