Эл аралык Кызыл Крест комитети ИИМдин кызматкерлерине жардам көрсөттү
Ички иштер министрлигине Эл аралык Кызыл Крест Комитети жеке коргонуучу каражаттарды тапшырды. Аталган эл аралык уюм тарабынан 2000 даана медициналык беткап жана 2000 даана медициналык колкап берилди. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Белгилеп кетсек, Эл аралык Кызыл Крест комитети (ЭККК) - Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан гуманитардык уюм. Коронавирус илдетинин чыгышы менен уюм гуманитардык жардам көрсөтүү ишмердүүлүгүнүн багытын өзгөртүүгө туура келди. ЭККК мамлекеттик бийлик органдарына, анын ичинде Ички иштер миинистрлигине өз жардамын көрсөтүүсүн улантып келет. Бул оор учурда да четте калган жок. Республикабыздын аймактарында, чек аралаш жерлерде кызмат өтөгөн кызматкерлердин керектөөсүнө ылайык, тиешелүү каражаттар менен жардам көрсүтүп келет.
ЭКККнын өкүлдөрү мындан ары да, Кыргызстан менен болгон кызматтташтыкты бекемдөө максатында уюм тарабынан жардам көрсөтүү улантылат деп белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/el-aralyk-kyzyl-krest-komiteti-iimdin-kyzmatkerlerine-gum-zhardam-berdi
Добавить комментарий ×