Эксперт социалдык тармактардын жана мессенджерлердин пайдасы жана зыяндуулугу жөнүндө айтып берди

6 ноября 2020 10:00 978 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарды жана мессенджерлерди колдонуунун оң жана терс жактары. Бул тууралуу 6-ноябрь күнү Prime агенттигине Россиянын интеллектуалдык резервдин өнөктөшү жана директору Павел Мясоедов айтып берди.

Албетте, мындай тиркемелер планетанын кайсы бурчунан болбосун жакындары менен баарлашууга жана байланышып турууга мүмкүнчүлүк берет, бирок, бул тиркемелердин жардамы менен сизди аңдып турууга шарт түзүлөт.

“Фейсбуктун эң башкы кемчилиги колдонуучунун коопсуздугу сакталбагандыгы. Фейсбук аркылуу сизди аңдыгысы келген адам үчүн бул оңой эле. Дагы бир кемчилиги лентадан айрым посттордун себепсиз эле жок болуп кетүүсү. Бул да кызыктар адамдар тарабынан жасалган иш”, - деди адис.

"Эгер тиркемени кээде эле колдоно турган болсоңуз аны телефондон өчүрүп салуу керек. Себеби фейсбук аппараттын эс тутумунда көп орунду ээлейт. Мындан тышкары,  көптөгөн колдонуучулар фейсбук смартфондун батарейкасын бат түгөтөт деп нааразы болушат. Ошондуктан фейсбуку компьютерден эле колдонгон оң", - деп кошумчалады Мясоедов.

Адис үй-бүлөгө жана өзүңдүн жакшы көргөн жумушуңа убакыт бөлүү үчүн телефондон ар кандай тиркемелерди жана  оюндарды толугу менен өчүрүп салууга кеңеш берди. Компьютерден эле  мессенджерлерди текшерип, билдирүүлөргө жооп берүү жетиштүү, деп жыйынтыктады ал.

Ссылка: https://barometr.kg/ekspert-socialdyk-tarmaktardyn-zhana-messendzherlerdin-pajdasy-zhana-zyyanduulugu-zhnnd-ajtyp-berdi



Добавить комментарий