Эксперт: инвестициялык климат жагынан Жерүй Кумтөргө караганда абдан маанилүү

5 февраля 2020 19:11 1371 Barometr
Поделиться в:
ok

Жерүй кенин иштетип жаткан “Альян Алтын” компаниясы лицензия алгандан кийин Кыргызстандын бюджетине бонус катары 100 миллион доллар төлөп, өкмөттүн буга чейинки инвесторлор менен болгон эл аралык арбитраждагы сот иштерин өзүнө алган. Бул тууралуу эксперт Азамат Акенеев “Барометр” сайтына билдирди.

Ал ошондой эле, кен дароо эле иштитеп кетүүгө даяр болбогонун, жок дегенде 200-300 миллион доллар инвестиция салуу керек болгонун кошумчалады.

“Буга чейин инвестор акчасын коротуп жаткан маалда ал жактагы иштерге саясатчылар менен эл кызыккан дагы эмес. Качан гана долбоор иштеп баштарын билгенден кийин жана фабрика ачылуу алдында турганда абалды курчутуп башташты”, — деди ал.

Эксперт мындай окуялар айрым тараптар өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөп, эптеп пайда көрүп калууга далалат кылып жатат деген ойго түртүп жатканын белгиледи.

“Болгону бул шантаж, Жерүйдүн лицензиясын сатып жатканда эмне үчүн азыркыдай көтөрүлүп чыгышкан эмес”, — деп ал суроо салды.

Акенеев инвестициялык көз караштан алганда азыр Жерүй Кумтөр кенинен дагы маанилүү деп эсептейт. Себеби Кумтөр долбоору 1993-жылы башталып, ошол учурдагы өкмөттүн мындай иштерде сүйлөшүү жүргүзүү, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо сыяктуу тажрыйбалары болгон эмес. Андан сырткары Кумтөр Кыргызстандын мыйзамдарына баш ийген эмес.

"Жер үй көлөмү жагынан кичине, бирок, аны иштетип жаткан компания толугу менен биздин мыйзамдар менен иштейт. Андыктан бул жерде Кумтөргө салыштырганда аябай чоң айырма бар”, — деди ал.

Эксперт андан сырткары азыр Кыргызстанга келем деген инвестор Жерүйдүн айланасында болуп жаткан окуяларга тыкыр көз саларын кошумчалады. Себеби алар Жерүйдөгү абалдан улам кийинки кадамдарын пландашат.

"Алар долбоор ийгиликтүү иштеп жатабы, же жокпу деп карашат. Эгер жакшы иштесе демек өлкөдө мыйзам иштеп жатат дегенден кабар берет. Эгер көйгөй жаралса албетте инвесторго терс таасирин берет. Себеби алар “Кыргызстанда мыйзам иштебейт жана коопсуздук кепилдиги жок” деген ойго келишет”, — деди ал.

Акенеев өз сөзүндө “Альянс Алтын” ишенимдүү инвестор жана дүйнөлүк деңгээлде аброю бар компания экенин кошумчалады.

“Эгер аны менен кандайдыр бир көйгөйлөр жаралса, чакан инвесторлор жөн гана качып кетет”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/ekspert-investiciyalyk-klimat-zhagynan-zherj-kumtrg-karaganda-abdan-maanil



Добавить комментарий