Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү

30 декабря 2020 17:14 1498 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын экс-президенти Сооронбай Жээнбековдун коомдук фонду түзүлдү. Бул тууралуу Жээнбековдун соцтармактагы расмий баракчасына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Коомдук фонд Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында 2020-жылдын декабрь айынын башында катталган.

Фонддун негизги максаты - коомдун руханий, маданий жана илимий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү, өлкөнүн өнүгүүсүнө багытталган жаратман демилгелерди колдоо.

Жогоруда белгиленген максаттарды турмушка ашыруу үчүн фонддун ишмердүүлүгү социалдык, маданий, кайрымдуулук жана өлкө үчүн пайдалуу дагы башка иштерди жүргүзүүгө багытталат.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-prezident-sooronbaj-zheenbekov-koomduk-fondu-tzp-socialdyk-madanij-kajrymduuluk-ishteri-menen-alektenet



Добавить комментарий