Текебаев жана Чотоновдун сот процесси 26-ноябрда уланат

25 ноября 2019 16:53 2652 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Эртең, 26-ноябрда саат 10:00дө Биринчи Май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун соттук иши улантылат. Соттук  процесске экс-президент Роза Отунбаева жана башкалар келишет. Бул тууралуу Өмүрбек Текебаевдин тарапташы Жакшылык Бердибек уулу социалдык тармакка жарыялады.

Эске салсак, Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

 Ушул жылы 29-августта райондук сот алардын бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

 Ал эми 12-сентябрдагы отурум болуп, адвокаттар ишти кайра кароого негиз болгон жагдайларды тизмектеп, ишти кароо тартиби бекитилген.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-prezident-roza-otunbaeva-mrbek-tekebaev-zhana-djshnkul-chotonovdun-sot-processine-katyshat



Добавить комментарий