Экс-премьер-министр Темир Сариев сурак тууралуу: Кабатыр болбогула, баары жайында

14 июня 2018 19:50 1878 Barometr
Поделиться в:
ok

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев учурда атайын кызматта көрсөтмө берип жатканын УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов маалымдады. 

Сариев Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоого байланыштуу коррупция фактысы боюнча күбө катары чакырылган. 

"Биринчиден барыбыз законго баш ийишибиз керек жана жекече үлгү көрсөтүшүбүз керек"- деп баштады Сариев. Анын айтымында ЖЭБ ди модернизациялоо учурунда Эксимбанк менен болгон кредиттик макулдашууларга кол коюу , ошондой эле айрым экономика министрликтин позияциялары тууралуу суралган. 

 Тергөө маалында Сариевге карата сый-урмат менен суроолор узатылган. 

" Мага тергөөчү кененирээк маалымат алыш үчүн каршылаш суроолорду  берип жатты, бирок кабатыр болбогула деп жооп берди Сариев.  

Эскерте кетсек, Бишкектеги Жылуулук электр борборунда быйыл кышында авария болуп, калаа эли бир жума жылуулуксуз калган. Андан соң аталган мекемени оңдоп-түзөөдө мыйзам бузуулар аныкталып, бир катар аткаминерлерге кылмыш иши козголгон.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-premer-ministr-temir-sariev-surak-tuuraluu-kabatyr-bolbogula-baary-zhajynda



Добавить комментарий