Экс премьер-министр Сапар Исаковго айып тагылды

30 май 2018 19:50 1622 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдын 29-майында Бишкек шаарындагы ЖЭБ модернизациялоодогу коррупция фактысы боюнча МУКК тергеп жаткан кылмыш ишинин алкагында мурунку премьер-министр Сапар Исаковго КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу МУКК басма сөз кызматы жарыялады

Билдирүүлөргө караганда, ал 2013-жылы КР Президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында туруп, “Бишкек ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланып, адамдардын бир тобу менен алдын ала белгиленген иш аракеттерди кылуу аркылуу, подрядчикти тандоо сынагында чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын колдогон. Жыйынтыгында мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарга ири көлөмдөгү чыгым келтирилген. Учурда тергөө уланып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-premer-ministr-sapar-isakovgo-ajyp-tagyldy



Добавить комментарий