Экс-министр Космосбек Чолпонбаев СИЗО-1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды
Саламаттык сактоо министрлигинин мурунку министри Космосбек Чолпонбаев тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Кече, 17-сентябрда Саламаттык сактоо министрлигинин мурунку жетекчиси Космосбек Чолпонбаевди Башкы прокуратура "жооптуу кызматта турган кызмат адамы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген берене менен айыпталып кармалганынын кабарлаган.
“Чолпонбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган, ошондой эле элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген деп шектелип, консультациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн атайылап пайдасыз келишим түзүп, мамлекеттик бюджетке 65 миллион сомго жакын зыян келтирген”, -деп айтылат маалыматта.
Көзөмөлдөөчү органдын, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өтүнүчү боюнча, шектүү Чолпонбаев Бишкек шаарынын СИЗО-1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/eks-ministr-kosmosbek-cholponbaev-sizo-1-terg-abagyna-2-ajga-kamakka-alyndy
Добавить комментарий ×