Экс-мэр Азиз Суракматов 150 млн сом төгүп берип, бошотулду

16 июля 2021 09:15 1409 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын экс-мэри Азиз Суракматовго Биринчи Май райондук сотунун  мурда камакка алуу түрүндө тандалган баш коргоо чара чечими кылмыш иши боюнча тергөө аяктаганга чейин сыртка чыкпоо жөнүндө баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен алынган маалыматка таянуу менен “Барометр” билдирет.

Тергөөдөгү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө, КРнын Жазык-процесстик мыйзамына ылайык, Суракматов менен тергөө менен кызматташуу жөнүндө процесстик келишим түзүлүп, ага ылайык, Суракматов Бишкек шаарындагы башка жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү фактылары боюнча көрсөтмө берген, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 170 млн сомдун 150 млн. кайтарып берген.

Калган чыгымдарды төлөө графиг боюнча Суракматов тарабынан төлөнүп берилет. Кылмыш иши боюнча, бул ишке тиешеси бар адамдардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-mer-aziz-surakmatov-150-mln-som-tgp-berip-boshotuldu



Добавить комментарий