Экс-депутат Өмүрбек Абдрахманов Аскар Акаевдин Кыргызстанга келишин колдоду
Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев акыркы маалдарда Кыргызстанга келе турганы, анын мекенине келиш каалагандардын саны көбөйүп жатканы тууралуу маалыматтар коомчулукта байма-бай айтыла баштады.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Абдрахманов да бул боюнча пикирин айтып, Акаевдин Кыргызстанга келээрин колдогонун билдирди.
Бул тууралуу ал өзүнү facebook баракчасына жазды.
Экс-депутат 90-жылдары Акаевди жактагынын, буксуп калган коммунисттик системадан кийин Акаевдин президент болуп шайланышы демократиялык желаргы болгонун белгилейт.
“Акаев көп фундаменталдуу реформаларды жасады. Биринчилерден болуп суверенитетти жарыялады, улуттук акчаны киргизди, жерди элге берди, мамлекеттик менчиктин көбүн жок кылды... Ошол реформалардын негизинде тамак-аш, товарлардын дефицити жок болду. Адамдардын көбү өз алдынча тың оокат кылганга үйрөнүп калышты. Үйрөнбөгөндөрү «Каракол университетине мамлекет дурус туалет салып берсин» дешип дагы эле догурунуп жүрүшөт. Акаев бул реформалары менен катар көп кемчилдиктерди кетирсе керек...? Ким кетирбейт...?
Бирок Акаевге козголгон кылмыш иши жок болгондон кийин эмне үчүн өз Мекенине келе албайт? Акаевдин кеткенине 15 жыл болуп калды. Демек, биз мыйзамдын үстөмдүгү менен эмес, дагы эле бийликтегилердин өзүм билемдиги менен жашап жатабызбы?”, - деп суроо салат Өмүрбек Абдрахманов.
Ссылка: https://barometr.kg/eks-deputat-mrbek-abdrahmanov-askar-akaevdin-kyrgyzstanga-kelishin-koldodu
Добавить комментарий ×