Экс-депутат Кубанычбек Исабеков Кыргызстандагы абалга тынчсызданып Германиядан үн катты

9 августа 2019 00:28 1385 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Исабеков Кыргызстандагы бүгүнкү кырдаал, Атамбаевди колго түшүрүү боюнча жасалган атайын операция боюнча пикирин билдирип, кайрылуу жасады.

Соцтармактагы аккаунтунда депутат Кыргызстандагы жаңылыктарды окуп зээним кейигенин, тирешкен тараптарды биригүүгө чакырганын билдирет.

“Тилекке каршы, курмандык болду, дагы ондон ашык жарандарыбыз жаракат алышты. Жап-жаш уулубуздан айрылдык. Анткени Кой Ташта жүргөндөр дагы, күч органдарынын кызматкерлери дагы биздин мекендештерибиз.

Тилекке каршы, мен азыр мекенимден алысмын, Германияда дарыланууда элем, оор операция жасаттым. Учурдан пайдаланып каза болгон жап-жаш инибиздин үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн, мамлекетибиздин туруктуулугу үчүн баардык маселерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырам”, - деп айтылат депутаттын кайрылуусунда.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-deputat-kubanychbek-isabekov-kyrgyzstandagy-abalga-tynchsyzdanyp-germaniyadan-n-katty



Добавить комментарий