Ташиев 2020-жылда шайлоодон өтүп Парламентке келерин айтты

23 октября 2019 11:41 6733 Barometr
Поделиться в:
ok

Экс-депутат Камчыбек Ташиев 2020-жылы өтүүчү Парламенттик шайлоо, шайлоодогу пайыздык тосмо тууралуу шайлоочулар менен ой бөлүштү. Ал шайлоодогу тосмонун 9 пайыз бойдон калаарын колдоорун айтып, 2020-жылы шайлоодон өтүп Парламентке келерине ишендирди. Бул тууралуу ал өзүнүн facebook баракчасы аркылуу билдирди.

Урматтуу шайлоочулар!

Менден жаңы шайлоо мыйзамы - Кодекси тууралуу өтө көп сурап жатышат. Мен өзүмдүн жеке оюмду билдирип коюну туура таптым.

Ооба, 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоонун өтүү босогосу 9% болуп белгиленген. Азыркы маалда ошол босогону ылдыйга түшүрөлү деп айтып жүргөн саясатчылар ушул норма кабыл алынганда унчугушкан эмес, көпчүлүгү Парламентте олтурушкан, эми гана айта башташты. Демек ошол маалда Атамбаевдин инициативасына каршы чыгууга эрктери жеткен эмес.

Жеке мен 9% босогонун калуусун каалайт элем, саясий атаандаштыкта күч сынашалы, эл чечсин кайсыл адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырууга болот экенин. АЛЛАХым буюруса элдин колдоосу менен парламенттке өтүп келебиз!”, - деген билдирүү калтырган.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-deputat-kamchybek-tashiev-shajloochularga-kajrylyp-2020-zhyly-shajloodon-tp-parlamentke-kelerin-ajtty



Добавить комментарий