Экс-депутат Дамирбек Асылбек уулуна мунапыс берилип, абактан бошотулган

26 августа 2020 12:00 1778 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулуна мунапыс берилгендиктен, жаза мөөнөтү бүтө электе бошотулду. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.

"Дамирбек Асылбек уулу "Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеӊиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 1-беренесинин 4-пунктуна ылайык жазадан бошотулду", — деп айтылат маалыматта.

Дамирбек Асылбек уулу 2018-жылы 15-февралда Казакстанда "Улуттар аралык кылмыштуу топ түзүү" жана "Экономикалык аткезчилик" кылды деп бажы постунан кармалган.

2019-жылы Дамирбек Асылбек уулу Кыргызстанга 18-ноябрда кошо кармалган дагы эки кыргызстандык менен мекенине экстрадицияланган. Асылбек уулу Молдовановка айылындагы №27 абакта, эки шериги Петровка айылындагы №8 түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/eks-deputat-damirbek-asylbek-uuluna-munapys-berilip-abaktan-boshotulgan



Добавить комментарий