Экотехинспекция: Ысык-Көлдүн суусу таптаза, эч кандай мунай калдыктары жок

5 июня 2018 00:55 992 Barometr
Поделиться в:
ok

Ысык-Көлдө суу таза, анда эч кандай мунай калдыктары табылган жок, деп мамлекеттик экотехинспекциядан билдиришти.

Адистердин билдирүүсүнө караганда, көлдөгү суу жылына үчтөн кем эмес ирет текшерилет. Ысык-Көлдө мунай калдыктары совет мезгилинен бери каттала элек. Ысык-көлдүн суусунун лабораториялык анализдери туристтик сезондун алдында, анын жүрүшүндө жана акырында жүргүзүлөт.

Эске салсак, буга чейин “Экосоюз” бирикмесинин текшерүүсүнө таянып, көлдөгү сууда адамга жана тирүү организмдерге кооптуу уулу заттар табылганын жарыялашкан. Экотехинспекциядан белгилешкендей, бул иликтөө чындыкка дал келбейт.

Ссылка: https://barometr.kg/ekotehinspekciya-ysyk-kldn-suusu-taptaza-ech-kandaj-munaj-kaldyktary-zhok



Добавить комментарий