Акылбек Жапаров: Экономиканы өнүктүрүү үчүн “Ачык асман” саясатын колдоо керек

21 ноября 2018 18:00 1443 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бул тууралуу бүгүн, 21-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди. Айтымында, “Аба кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүүдө Грузиянын тажрыйбасынан сабак алуу зарыл.

 “Ачык асман” болгондуктан Грузиядан Европага учуу 40 долларды түзөт. Биз бул суммага жада калса Ошко да бара албай жатабыз”,-деди депутат. Эл өкүлү "Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамды кабыл алуу менен бирге эле жергиликтүү авиакомпанияларга шарт түзүп берүү дагы учурдун талабы экендигин кошумчалады. Акылбек Жапаровдун пикиринде, жергиликтүү авиакомпанияларды салыктардан бошотуп, аларды бутка тургузуу боюнча программа кабыл алуу керек. Аны менен катар эле кабыл алынган мыйзамдын иштөөсүн дагы көзөмөлдөө зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/ekonomikany-nktr-chn-achyk-asman-sayasatyn-koldoo-kerek



Добавить комментарий