Экологияны сактоо бир франсуз үй-бүлѳнүн үлгүсүндѳ

21 сентября 2019 11:44 1588 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Франциянын түндүгүндѳгү мурдагы ѳнѳр жай ѳнүккѳн Рубе азыр эң жакыр аймак деп эсептелет. Ушул аймакта Магдалина Делепорт ѳзүнүн үйүндѳ дезодорант жасайт.

«Бул ѳтѳ жѳнѳкѳй жана тез деп ал ѳзүнүн дезодорантынын курамында эмнелер бар экени тууралуу рецепти бѳлүшүп жатып айтты. Бул нернсени жасоо үчүн беш мүнѳт убактың кетет. Какос майына кѳптүрүүчү затты кошуп, жыпар жыттарды кошосуз. Андан соң суу ваннасында эриш үчүн саласыз да, тунуш үчүн бир аз күтѳсүз».

38 жаштагы мед айым мындан тышкары ѳзүнүн идиш жууган суюктугун жасайт, шампунь, тиш жуугуч, комсетика каражаттарын дагы жасайт. Булардын баарын желим идиштерде сактабайт.

Рубеде 500 үй-бүлѳнүн арасындагы Делопорт ѳз каражаты менен жер планетасын сактоого салым кошкондор.

Рубеде кѳп убакыт жумушсуздук күч алган. Жүз миңден ашык адамдар социалдык коомдук үйлѳрдѳ тыгылып жашашкан.

 2014 –жылы Рубе бийлиги башкача кадамдарга барды. Күнүмдүк тиричиликке королуучу нерселерди азайтып, пландаштырып, кайра иштетүү жолун колдонуу менен ѳзгѳрүлѳргѳ алып келди.

Үй-бүлѳлѳр үчүн атайын прогамма түзүп, күнүмдүк турмушта колдонууга мүмкүн болгон, калдыктарды азайтуунун жолдорун үйрѳтүштү.

Делепорт бул иште ыктыярчы болуп, активдүү катышкан. Ага балдары  9-жаштагы Хлоя 6-жаштагы Манон аябай жардам берген. Ал атайын кутудагы шампуну бир нече айга жети аз каражатты талап кыларын, ѳзү тиш жуугуч каражат жасарын жана идиш жууганга эски кийимдердин кесиндилерин колдонуп сарамжалдуулукта сактарын айтат.

«Дүкѳндүн кеңселеринен желим идиштерди кѳргѳнүмдѳ чоң маселени кѳрѳм. Мен ѳзүмдѳ ѳзгѳчѳ бир нерсе кылып жатат деп ойлобойм. Болгону жаратылышты коргоого аракетти 50 жыл мурда жасаган нерселерге кайрылдым» ,-дейт Делепорт.

Рубе таштандыдан алыс болуу жана калдыктарды кайра иштетүү программалары боюнча атайын делегацияларды кабыл алат. Ошондой эле ар кандай окутууларды жүргүзүшѳт.

Ссылка: https://barometr.kg/ekologiyany-saktoo-bir-fransuz-j-blnn-lgsnd



Добавить комментарий