Эл аралык издөөдө жүргөн BMW X5 автоунаасы Кыргызстандан табылды
УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) кызматкери тарабынан уюштурулган Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн КР аймагына салык төлөмдөрүсүз товар ташылып келип турган туруктуу схема аныкталды.
Такталгандай, 2017-2018-жылдары Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Чүй облусунун Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорунун райондор аралык бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери «К.С.А.», кызыктар адамдар менен биргеликте, КР аймагына ЕАЭБ өлкөлөрүнөн жалган «О.у. С.» жана «А.у.Д.» наамына жалпы суммасы 127 млн. сомду түзгөн товарларды импорттогон.
Буга байланыштуу кошумча салык түрүндө төлөөгө тийиш болгон 15 млн. сомдон ашык мамлекеттин казынасына зыян келтирилгени аныкталды. Мындан тышкары аталган ЭККМК кызматкери эл аралык издөөдө жүргөн «БМВ-Х5» үлгүдөгү авто унааны пайдаланып жүргөнү такталды.
Белгилей кетсек, 2018-жылдын ноябрь айларында ЭККМК жетекчилиги тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар делген негизде «К.С.А» ээлеген кызматынан четтетилген, жабырлануучу «А.у.Д.» жана башкаларга салык төлөмдөрүнөн качуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштер өзүнчө ачылган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «К.С.А.» КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча айып тагылып, 6-февралда Октябрь райондук соту тарабынан КР УКМК тергөө камак жайына 2 айга камоо башкоргоо чарасы каралды.
Ссылка: https://barometr.kg/ekkmk-kyzmatkeri-tarabynan-tzlgn-korrupciyalyk-shema-anyktaldy
Добавить комментарий ×