Экинчи ээктин чыгышына каршы үй шартында жасалган маскалар
Ээктин алдында дагы бир бултуйган бөлүктүн пайда болушу аялдын чыныгы курагын айттырбай билгизе турган белги. Ошондуктан аны алдын алып же болбосо кутулуунун жолдорун ойлонгонуңуз оң! barometr.kg төмөндө бир нече рецептерди сизге сунуштоону туура көрөт.
Моюндагы териде май бездери жок болгондугуна байланыштуу ага майлуу маскаларды колдонсо болот.
1-рецепт
Бул рецептин негизги кошулмасы майлуу быштак. Аны төрт ашкана кашыгы менен алып эки аш кашык лен майы, дагы ушунча каймак кошосуз. Эки чымчым туз салынат. Аралаштыргандан кийин ээкке 20 минут коюлат. Муну бир аптада бир ирет жасаган пайдалуу.
2-рецепт
Бадыраңды майда туурап же кыргычтан өткөрүп, бир чай кашык өсүмдүк майына үч кайык майлуу сметана кошосуз. Бул каражатты ээкке 20 мүнөт коюу керек.Аны жумасына үч ирет колдонгон дурус.
3-рецепт
Майдаланган сулу үлпүлдөктөрүнөн үч аш кашык аласыз, аны аралаштырып алты кашык майлуу сметна бир чай кашык бал кошосуз. Үлпүлдөктөр көөп чыкканга чейин бир аз күтүү керек.Бул масканы дагы ээктин алдына 20 мүнөт койгон туура. Аны жумасына бир ирет жасаган жакшы. Андн тышкары ээк үчүн көнүгүүлөрдү жасап туруңуз! Мойнуңуз койкойуп, ашыкча салмктан арылып сулуу болуп чыга келесиз!
Ссылка: https://barometr.kg/ekinchi-eektin-chygyshyna-karshy-j-shartynda-zhasalgan-maskalar
Добавить комментарий ×