Эки жыл мурун жоголгон колумбиялык аял Кариб деңизинен тирүү табылды (видео)

30 сентябрь 2020 10:34 1646 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эки жылдан бери дайынсыз деп жаткан Колумбиялык аял Кариб деңизинин жээгинде сүзүп жүргөн жеринен табылды. Бул тууралуу Newsweek агенттиги жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

46 жаштагы Анжелика Гайтан эки жылдан бери туугандары менен байланышпай, дайынсыз жоголгон деп эсептелген.

26-сентябрда Колумбиянын балыкчылары аны деңиз жээгинен дээрлик 2 км алыс аралыктан табышкан.

Аны куткарган кишилердин айтымында, Гайтана шок абалда болгон жана катуу үшүп калгандыктан сүйлөй албай калган.

Кийинчерээк, медициналык жардам алгандан кийин, аял эки жыл мурун аны кордогон күйөөсүнөн качып кеткенин айткан. Гайтана алты ай бою Барранкиллада көчөлөрдү кыдырып, андан кийин жапа чеккен аялдарга жардам берген баш калкалоочу жайда жашаганын белгиледи.

Бирок, бир нече ай мурун социалдык кызматкерлер анын мурунку күйөсү башка шаарга көчүп кеткенин угуп, эми анын жашоосу коопсуз экенин айтып, баш калкалоочу жайдан чыгып кетүүнү суранышкан.

Гайтана айласы кеткенинен, деңизге секирүүнү чечкен. Ал сууда канча убакыт жүргөнү так эсинде жок, бирок аны сактап калган балыкчыларга ыраазычылыгын билдирди.


Ссылка: https://barometr.kg/eki-zhyl-murun-zhogolgon-kolumbiyalyk-ayal-karib-deizinen-tir-tabyldy-video



Добавить комментарий