Эки журналистти дарак басып калып каза болушту

29 мая 2018 20:05 2322 Barometr
Поделиться в:
ok

Американын WYFF талаканалынын журналисттери аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнүн натыйжасында кулаган бактын астында калып каза болгондугун, аталган телеканалдан тастыкташты.

Билдирүүлөргө караганда, Түндүк Каролинадагы WYFF News 4 телеканалынын алып баруучусу Майк Маккормик жана фотожурналист Аарон Смелцер дүйшөмбү, 28-майда бак кулаган кезде автоунаада олтуруп алып, нөшөрлүү жамгыр тууралуу маалымат даярдап жатышкан.

Түндүк Каролина, штат Алабамада өтүп жаткан “Альберто” тропикалык штормдун чордонунан бир кыйла алыс жайгашкан. Анткени менен Каролинадагы нөшөрлүү жаан дал ошол штормдун негизинде жүрүп жаткандыгы айтылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/eki-zhurnalistti-darak-basyp-kalyp-kaza-bolushtu



Добавить комментарий