Эки унаа катуу кагышты. Казакстандык белгилүү актриса окуя болгон жерден мерт кетти

31 декабря 2018 10:46 8554 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Алматынын Абай жана Сейфуллина көчөлөрүнүн кесилишиндеги катуу кагылышкан эки унаадан улам адамдар өлдү. Алардын бири Казакстанга таанымал актриса Шолпан Елгезекова болгон. 

Бул тууралуу Nu.kz сайты Казакстандын ички иштер министрлигинин шилтемеси менен маалымат берди.

Анда Mercedes Benz G-55 автоунаасынын айдоочусу жол чырактагы кызыл көрсөтмөдөн өтүп барып, актриса айдап келе жаткан унааны каккан. Андан соң окуя болгон жерден качып кеткен. Маалыматта айтылгандай, унаанын ичинде дагы бир атактуу актриса Айзада Сатыбалдиева дагы болгон. Учурда ал катуу жаракат алып, жандандыруу бөлүмүндө жаткандыгы айтылды. 

Кырсык 29-декабрь күнү эртең менен катталган. 

Учурда качып кеткен айдоочу кармалып, сурак берип жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/eki-unaa-katuu-kagyshty-kazakstandyk-belgil-aktrisa-okuya-bolgon-zherden-mert-ketti



Добавить комментарий