Эки унаа кагылышып, бирөө өрттөнүп кеткен. Беш адам каза болду
Поделиться в:
Бишкек-Нарын-торугарт унаа жолунда эки унаа кагылышып, бирөөсү өрттөнүп кеткен. Кырсыктан 5 адам каза болуп, 3 адам катуу жаракаттарды алышты. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады.
Окуя 16-декабрда туштөн кийинки саат 16:25 терде болгон. Тойота Ипсум унаасында 7 адам болсо, Фольксваген Пассатты айдоочу өзү эле айдап ара жаткан.
Токмок шаардык жана Ысык-Ата райондук куткаруучулар унаадан чыккан өрттү өчүрүп, кырсыктагандарды ооруканага жетиришкен.
Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/eki-unaa-kagylyshyp-bir-rttnp-ketken-besh-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×