Эки тарап бири-бирине арыз жазды. Кулагы укпаган таксисти сабап кеткен окуя боюнча тергөө уланууда

26 февраля 2019 14:42 1211 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Жайыл районундагы таксистти сабап кетти деген окуя боюнча эки тарап бири-бирине карата арыз жазышты. Бул тууралуу Barometr. kg сайтына Чүй облустук Ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.  

"Эки жак тең бири-бирине каршы арыз жазып кайрылышкан. Учурда тергөө иштери аягына чейин аныктала элек. Сотко чейинки сурак иштери жүрүүдө"-деп билдирди маалымат катчы. 

Эске салсак, Жайыл районунда 24 жаштагы кулагы укпаган таксистти бир нече адамдар сабап кетишкен. Жабырлануучунун эжеси 18-февралда түнкү саат 3:30да милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Бирок, ушул эле окуяга байланыштуу 19 жаштагы А.Э. аттуу жаран тескерисинче таксист бычак менен коркутканын белгилеп, таксисттин үстүнөн арыз жазган.

Учурда, аталган факт боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.



Ссылка: https://barometr.kg/eki-tarap-biri-birine-aryz-zhazdy-kulagy-ukpagan-taksisti-sabap-ketken-okuya-boyuncha-terg-ulanuuda



Добавить комментарий