Эки кыз каза болгон мейманканадан илбирс жана карышкырдын териси табылды

3 января 2019 21:05 2758 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Оштогу "Жетиген" мейманканасында  2019-жылдын 1-январында өрт чыгып, эки кыз каза болгон. Дал ошол мейманкананын кире беришинен бурчта илинип турган илбирстин менен карышкырдын териси жана эликтин катырылган башы табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш Ош шаарындагы Джим-1 кѳчѳсүндѳгү жер тѳлѳдѳн чыккан ѳрт кырсыгынан каза болгон эки жаран боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлүп жаткан иликтѳѳнүн жүрүшүндѳ табылган.

Аталган мейманкананын администраторунун айтуусуна караганда мындан кѳп жыл мурда күйѳѳсү белгисиз жерден алып келип илип койгон. Ал былтыр каза болгон.


Ссылка: https://barometr.kg/eki-kyz-kaza-bolgon-mejmankanadan-ilbirs-zhana-karyshkyrdyn-terisi-tabyldy



Добавить комментарий