Бишкекте эки күн аралыгында кээ бир кѳчѳлѳрдѳ унааларга чектѳѳ киргизилет
27-28-ноябрь күндөрү Бишкекте унаалырдын кыймылына чектөө киргизилет. Мындай чектөөлөр Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сессиясын өткөрүүгө байланыштуу. Бул маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Делегациялар өткөндѳ кайсы кѳчѳлѳр жабылат:
- Фучик көчөсүнүн «Манас» аэропортунан Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
- Жибек жолу проспектисинин Манас проспектисине чейинки бөлүгү;
- Чүй проспектисинин Фучик көчөсүнөн Манас проспектисине чейинки бөлүгү;
- Чүй проспектисинин Манас проспектисинен Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Абдрахманов көчөсүнүн Фрунзеден Бөкөнбаевге чейинки бөлүгү.
ЖКККББ айдоочулардан жана жашоочулардан киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууну сурайт. Ошондой эле унаа тыгындарды болтурбоо үчүн жол кыймылынын эрежелерин сактап, аталган көчөлөргө унааларды калтырбоону өтүнөт.
Андан тышкары «27-28-ноябрь күндѳрү чек өлкөлөргө же өлкөнүн башка аймактарына бара турган жарандарга "Манас" аэропортуна, темир жол бекетине жана батыш авто бекетине эртерээк барууну суранабыз», - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/eki-kn-aralygynda-kee-bir-kchlrd-unaalarga-chekt-bolot
Добавить комментарий ×