Россияда мас болуп унаа башкарып жүргөн кыргыз жараны полицияга пара сунуштап жаткан жеринен кармалды

22 декабря 2020 13:24 1224 Barometr
Поделиться в:
ok

Екатеринбургда Жол кайгуул кызматынын инспекторуна пара берип жаткан жеринен Кыргызстандын жараны кармалган. Бул тууралуу “Вечерние ведомости” басылмасы 22-декабрда күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

20-декабрда эртең менен Жол кайгуул кызматынын инспекторлору 44 жаштагы кыргызстандык башкарып бара жаткан ВАЗ 2105 унаасын токтотушкан. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын билдиргенине караганда, ал киши мас абалда болгон, ошондуктан патрулдук милиция кызматкерлери протокол толтуруу үчүн анын артынан барууну суранышкан.

“Полиция кызматкерлеринен айдоочу мас абалында унаа башкаргандыгы үчүн протокол түзбөөнү суранып,  пара катары 60 миң рубль сунуштаган», - деп жазат гезит.

Инспекторлор пара сунуштоо жөнүндө полицияга кабарлашкан. Кыргызстандык кармалып, ага каршы кылмыш иши козголгон. Россия Федерациясынын кылмыш-жаза кодексинин 291 беренеси ("Кызмат адамына аракетсиздиги үчүн пара берүү") менен иш козголгон.

Ссылка: https://barometr.kg/ekaterinburgda-mas-abalynda-unaa-bashkaryp-zhrgn-kyrgyz-zharany-policiyaga-para-sunushtap-zhatkan-zherinen-karmaldy



Добавить комментарий