Екатеринбургда Кыргызстандын маршрутка айдоочулары иш таштоого чыкты

9 июля 2019 13:12 1378 Barometr
Поделиться в:
ok

“Екатеринбургда №012 жана №019 маршруттук таксилердин айдоочулары айлык акыны көтөрүүнү талап кылышууда.   Негизинен кыргызстандыктар иш таштоодо”,- деп кабарлады бүгүн, 9-июлда «Европейско-Азиатские новости» басылмасы «Восток» транспорттук компаниясынын директору Алексей Карпычевге шилтеме кылуу менен.

“Жайкысын элдер эс алууга кетет, студенттер жана мектеп окуучулары окубай калат, ал эми айдоочулардын айлык акысы жүргүнчүлөрдөн көз каранды. Ошондуктан алар тарифти көтөрүүнү талап кылууда”,-деп айтты Карпычев журналисттерге.

Басылма кабарлагандай, иш таштоого Кыргызстандын гана эмес, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары дагы чыгышкан.“Түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун жолдору азырынча табыла элек”,-деп жазды ЖМКлар.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ekaterinburgda-kyrgyzstandyn-marshrutka-ajdoochulary-ish-tashtoogo-chykty



Добавить комментарий