Египетте скорпиондордун чабуулунан 500дөн ашык адам жабыркады (видео)
Египеттин түштүгүндөгү Асуан провинцисында катуу жааган жамгырдан кийин 500дөн ашык адамды бөйөн чагып кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарына таянуу менен “Барометр” кабарлайт.
Катуу жааган жамгыр скорпиондорду чээнден чыгууга мажбур кылган.
“503 адам бөйөн чагып алгандан кийин ууга каршы дары алышты, уудан каза тапкандар жок”,-деп айтты бийлик өкүлү Халед Абдель Гаффар.
Ошентсе дагы жергиликтүү ЖМКлар Асуан шаарында бөйөн чагып алган үч адам каза болгонун маалымдашууда.
Саламаттыктык сактоо министринин милдетин аткаруучу Египеттин ооруканаларында бөйөндүн уусуна каршы дарылар жетиштүү экенин, азыркы тапта Асуан шаарында 3350 доза бар экенин билдирди.
Катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, айрым курт-кумурскалардын чээндерине чейин суу кирген. Кээ бир жергиликтүү тургундар жыландар дагы адамдарды чагып алганын кабарлашууда.
Асуан провинциясынын кумдуу аймактарын бир нече уулуу скорпиондор жана жыландар байырлайт. Айрыкча жергиликтүү куйругу узун бөйөндөр дүйнөдөгү эң эле уулуу бөйөндөр болуп саналат.
Ссылка: https://barometr.kg/egipette-skorpiondun-chabuulunan-500dn-ashyk-adam-zhabyrkady-video
Добавить комментарий ×