Египетке, Сауд Арабияга кар жаап койду

10 января 2023 13:51 1072 Barometr
Поделиться в:
ok

Африканын түндүгүнө да суук циклон жетип, Египетке кар жаап койду. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт. 

Маалым болгондой, Египетте кар жаап, андан кийин асмандан чоң мөндүр жаады. Өлкөдө мындай жаан-чачын сейрек учурайт.

Мындай суук аба ырайы Перс булуңунун өлкөлөрүн да каптады. 

Белгилүү болгондой, Сауд Арабияда кар жаады. 

Индияда да аба ырайы сууктап жатат.    Ал эми, Нью-Делини коюу туман каптап, бийлик мектептерди жабууну сунуштап жатышат. 
Ошону менен катары эле, тумандан улам  көрүү начар болгондуктан ондогон каттамдар токтотулган.      

Буга чейин, Орусияда анормалдуу үшүк жүргөнү айтылган. Якутиянын Оймякон айылында дээрлик 60 градус суук катталган.      
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/egipetke-saud-arabiyaga-kar-zhaap-kojdu



Добавить комментарий