Бишкекте 31 августта эгемендүүлүк күнүндѳ кайсы кѳчѳлѳр жабылат?

28 августа 2019 14:57 656 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата иш-чараларды уюштуруу үчүн Бишкек шаарындагы айрым көчөлөрдө унаалардын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

28-30-август күндөрү саат 09:00дөн баштап 11:00гө чейин Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан баштап Панфилов көчөсүнө чейинки тилкеси жабылат.

Ал эми 31-августта саат 08:00дөн баштап 12:00гө чейин, ошондой эле 19:00дөн баштап 23:00гө чейин төмөндөгү тилкелерде унаалардын кыймылына чектөө киргизилет:

 Чүй проспектиси — Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдого чейин;

 Киев көчөсү — Эркиндик бульварынан Логвиненкого чейин;

 Фрунзе көчөсү — Панфилов көчөсүнөн Раззаковго чейин.

Мындан тышкары Абдымомунов көчөсүнүн жогорудагы көчөлөр менен чектелген тилкеси да жабылат.

Ссылка: https://barometr.kg/egemendlk-knnd-kee-bir-kchlr-zhabylat



Добавить комментарий