Венгриянын премьер-министри Абылгазиевге: "Сизге бекем ден-солук"

31 августа 2019 13:36 2323 Barometr
Поделиться в:
ok

Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Венгрия келечекте эки тараптуу саясий, экономикалык жана соода алаканы өнүктүрүүгө даяр. Түрк Кеңешинде, ошондой эле Түрк Кеңешинин Будапешттеги кеңсесинин ачылышында берилген байкоочу макамы менен жалпы тарыхый, маданий башатка негизделген кызматташтыкты бекемдөө биздин негизги максаттардан болуп эсептелет»,- деп айтылат куттуктоодо.  

Премьер-министр Виктор Орбан Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бекем ден соолук жана ийгиликтерди каалады.


Ссылка: https://barometr.kg/egemendlk-kn-menen-kuttuktady



Добавить комментарий