Эгемендик майрамына карата Бишкекте көкбөрү боюнча президенттин кубогу өтөт
Кыргыз Республикасынын Эгемендик майрамына карата Бишкекте көкбөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Мындан тышкары ат оюндары коштолгон мелдештер "Ак-Кула" ат майданында 24-августта башталат.
Маалыматка ылайык, анда ат оюндарынын 6 түрү боюнча мелдештер жүрөт. Ат майданда ат чабыш (20 чакырым), тай чабыш (5 чакырым), кунан чабыш (11 чакырым), жорго салыш (9 чакырым), кунан жорго (5 чакырым) жана бышты жорго (7 чакырым) болот.
Ал эми көкбөрү мелдештери ат оюндарын көркүнө чыгарат. Бул оюнда командалар президенттин кубогун талашат. Учурда көкбөрү тартышка 12 команда катышаары белгилүү. Алар - “Келечек”, “Арашан”, “Четинди”, “Төш булак”, “Бакубат Талас”, “Сынташ”, “Алыкул”, “Бакай-Ата”, “Сокулук”, “Көк жал”, “Толкун”, “Сары-Өзөн – Рассвет” командалары.
Эгемендүүлүк майрамынын урматына арналган ат оюндары 30-августта жыйынтыкталат.
Ссылка: https://barometr.kg/egemendik-majramyna-karata-bishkekte-kkbr-boyuncha-prezidenttin-kubogu-tt
Добавить комментарий ×