Эфиопия 2014-жылды тосууга камданып, эл соода жайларына агылууда
Календарь жана убакытты айырмалуу Чыгыш Африкадагы Эфиопия өлкөсү 2014-жылды тосууга камданууда.Бул тууралуу ЖМКларга шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.
Аталган мамлекеттин календары Григориан календарынан 7 жыл 8 ай артта эсептелет. Өлкөдө “Энкуташ” деп аталган жылдын биринчи күнү, жаанчыл мезгилдин аягы жана оруп-жыюу мезгилинин башталышы катары кабыл алынат.
Эфиопия эли Жаңы жыл тосууга камданып, соода жайларына агылууда. Премер-министри Абий Ахмед Али майрамдык куттуктоосун жарыялап, борбору Аддис Абебада улгайгандарга жана мүмкүнчүлүгү чектелгендерге белектерди тараттырды.
Эфиопия календары Күнгө негизделген. Өкмөтү тарабынан бардык расмий иштер анын негизинде белгиленет. Эфиопия жана Эритрея христиандары үчүн диний жылнаама болуп саналат.
Григориан календарынан 7 жыл 8 ай артта калган календарь Египеттеги копт христиандары колдонгон календарына окшош. Ал сыяктуу 30 күндөн 12 ай жана 13-айы бар. Бул өлкөдө күн 00:00дө эмес, 06:00дө башталат.
Күн 12 сааттан турган эки башка бөлүктөн турат. Биринчи 12 сааттык убакыт алкагы саат 06:00дө, экинчи алкак 18:00дө башталат.
Ссылка: https://barometr.kg/efiopiya-2014-zhyldy-tosuuga-kamdanyp-el-sooda-zhajlaryna-agyluuda
Добавить комментарий ×