Эдил Байсалов: Манас Арабаев Атамбаевге каршы көрсөтмө бериши мүмкүн

3 июня 2019 17:39 10928 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Эдил Байсалов Манас Арабаев Атамбаевге каршы көрсөтмө бериши мүмкүн деп эсептейт. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

«Манас Арабаев Атамбаевге каршы бардык резонанс жараткан соттук иштер, сотторго түздөн-түз кийлигишүүлөр боюнча түз көрсөтмө бериши мүмкүн. Бийликти күч менен басып алууга болгон айыптоо бул коррупция эмес, Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратып жана андан ары соттоого болгон туура жол», - дейт ал.

Эске салсак, президенттик аппараттын соттук реформалар жана мыйзамдуулук боюнча бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Манас Арабаев 2018-жылдын май айында ээлеген кызматынан бошотулган. 2019-жылдын 2-июнунда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды. Арабаевди сотторго кысым көрсөтүп келген деп айыпташууда жана ал «КР сот системасында серый кардинал» катары аты чыгып келген.

Ссылка: https://barometr.kg/edil-bajsalov-manas-arabaev-atambaevge-karshy-krstm-berishi-mmkn



Добавить комментарий