Эдил Байсалов “Альянс Алтын» ишканасынын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышуу үчүн барды
Министрлер кабинетинин төрагасыныни орун басары Эдил Байсалов президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун коштоосунда «Альянс Алтын» ишканасына барды.
Делегацияны “Альянс Алтын” компаниясынын өндүрүш боюнча башкы директорунун орун басары Константин Чуприн тосуп алды.
Ал конокторду алтынды бөлүп алуу фабрикасынын жана калдык сактоочу жайлардын иши менен тааныштырып, компаниянын алтын иштетүүчү фабрика ишке киргенден берки жүргүзүп жаткан иштери: алтын өндүрүүнүн көлөмү, бюджетке чегерүү, кызматкерлер жана эмгек акы, айлана-чөйрөнү коргоо чаралары боюнча кеңири маалымат берди.
Учурда, Жерүйдө подряддык уюмдарды кошкондо 1,4 миң адам иштейт (алардын 97%ы КР жарандары).
Ишканада коопсуздуктун жана эмгекти коргоонун эрежелери катуу сакталат. Орточо эмгек акы айына 81 миң сомду түзөт.
2022-жылы “Альянс Алтын” 4158,5 килограмм алтын өндүргөн.
Компаниянын Кыргыз Республикасынын бюджетине жалпы төлөмдөрү 15,1 млрд сомду түздү.
Анын ичинен 6,4 млрд - алтынды сатуудан түшкөн каражат.
2023-жылы 4 миллиард сом өлчөмүндө чегерүү пландалууда.
«Альянс Алтын» өнүктүрүү фондуна жалпысынан 900 миллион сом которулган.
Фонд тарабынан 407 миллион сомдук 565 социалдык долбоор жактырылып, 493 миллиону ишкерлерди жана дыйкандарды колдоого багытталган.
“Альянс Алтын” дагы көп жылдар бою Жерүйдү иштетип, Таластын, ошондой эле бүтүндөй Кыргызстандын туруктуу өнүгүшүнө салым кошот.
Ссылка: https://barometr.kg/edil-bajsalov-alyans-altyn-ishkanasynyn-ishmerdlg-menen-zherinen-taanyshty
Добавить комментарий ×