ЕЭКтин коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян кызматынан кетет

31 января 2020 17:39 2149 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Евразиялык экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) коллегиячсынын төрагасы Тигран Саркисян 1-февралдан тарта кызматынан кетет. Бул тууралуу Алматыда өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында белгилүү болду.

Ага ылайык, Саркисян коллегиянын төрагасы катары 31-январда өткөн жыйынга акыркы жолу катышты. Анын ордуна 1-февралдан тарта Белоруссиянын өкүлү Михаил Мясникович келет.

Айрым ЖМКлардын жазышынча, Саркисян мындан ары Евразия өнүктүрүү банкынын санариптик демилгелер фондунда иштейт.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин Алматыда өткөн жыйынында Тигран Саркисянга Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин биринчи даражадагы Столыпин атындагы медалды тапшырды.

Ссылка: https://barometr.kg/eaektin-kollegiyasynyn-tragasy-tigran-sarkisyan-kyzmatynan-ketet



Добавить комментарий