ЕАЭБдин жашоочулары эми 100 миң долларга чейин акчаны декларациясы жок чет жакка алып чыга алат
Бөлүшүү:
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары 2020-жылдын 4-февралынан тарта 100 миң долларга чейинки акчаны декларация толтурбастан чет жакка алып чыга алат. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 6-августунда Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы ЕАЭБдин аймагынан бажы аркылуу 100 миң долларга чейинки акчаны алып чыгууда ал сөзсүз түрдө бажыдан декларация болуп, анын чоо-жайы жазылышы керек деген чечим кабыл алган.
Учурда иштеп жаткан эреже боюнча ЕАЭБдин аймагынан чет жакка 10 миң долларга чейинки акчаны декларациясыз алып чыгууга болот. Ал эми бул суммадан ашкандан кийин каражаттын чоо-жайы жана кайсы багытка жумшала турганы көрсөтүлүшү керек.
Добавить комментарий ×